Аламүдүн районунда бейбаштыкка шектелген адам кармалды

Аламүдүн районунда бейбаштыкка шектелген адам кармалды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 14-январда билдиришкендей, милицияга арыз менен Восток айылынын тургуну кайрылган. Жабырлануучу 7-январь күнү бильярд клубунун кардары таңкы саат 05:30 чамасында аны ур-токмокко алып, кондиционерди тээп талкалап салганын айткан. Келтирилген чыгымдын суммасы 1500 долларды түзгөн.
Бул факт боюнча Талас облусунун 37 жаштагы тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан