Иордания курамасынын дарбазачысы жана капитаны Амер Шафи Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда 24-мартта Бангладешке каршы оюнга чыкпайт. Оюнчуну жаза катары 1 оюнга чыгарбоо чечими 13-январда кабыл алынды.
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, мындай чечим Иорданиянын Бишкекте кыргыз футболчуларына каршы беттешиндеги чуудан улам кабыл алынды. Тактап айтканда, 17-ноябрда орун алган бул беттеште иорданиялык дарбазачы оюндан кийин топ ташыган жаш балага жулунган. Буга катар Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадыралиевге сокку узаткан. Жыйынтыгында эки команда ортосунда аз жерден массалык мушташ орун ала жаздаган. Аларды милиция кызматкерлери арачалап калышкан.