Биз социалдык тармакта

Индонезиянын борборунда адам өмүрүн алган бир нече жардыруу болду

Индонезиянын борбору Жакарта шаарында бир катар күчтүү жардыруулар орун алды. Жардыруу болгон жерде ок атышуу да болду. Бул тууралуу 14-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, шаардын борбордук бөлүгүндөгү полиция бөлүмүнүн алдында, соода түйүнүнүн жанында, борбордук көчөдө, мейманканада 6 жолу жардыруу болгон. Анда жардыргыч заттардан сырткары 3 жан кечти өзүн өзү жардырганы да айтылууда. Жалпысынан 14 согушкердин чабуул жасаганы маалымдалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кеминде 7 адам мерт болду. Каза болгондордун жана жабыркагандардын саны такталууда. Жардыруу боюнча жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akimjan93
2016-01-17 10:54:19
Акмактар Алла алдында жооп берер кун келет...ойлонгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан