Акыркы суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталып, Жалал-Абадда кичинекей баланын шоктугунан улам үйдүн чатыры жана 2 куб отун күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абадда 2 өрт кырсыгы катталды.

Жалал-Абад шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда турак жайдын 16 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер менен жабылган чатыры, 2 куб отун, эшик, терезеси толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 6 жаштагы баласынын от менен ойногону себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан