11-январь күнү Бишкекте унаасына 3,5 миллион сомдук баңгизатты салып жүргөн 4 адамдан турган топ кармалган эле. 13-январда Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы жана УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөсү деп 1971-жылы туулган Х.Д. аттуу жаран кармалды. Азыркы тапта кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, жогорудагы кылмыштуу топ Чүй облусун жана борбор калааны баңгизат менен камсыздап, аны сатуу менен алектенип келген. Борбор калаада кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрүү операциясынын жүрүшүндө Тойота үлгүсүндөгү унаадан 3 килограммга жакын баңгизат табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында табылган зат жалпы салмагы 2,941 килограммды түзгөн героин экени аныкталган. Анын баасы 3,5 миллион сомду түзмөк. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.