Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу оор жаракаттарды алды

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам оор жаракаттарды алып ооруканага жеткирилди. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 14-январда билдиришкендей, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 17-чакырымында болгон.

Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу А.А. рулду башкара албай Б. у. Б. башкарып бараткан Мерседес-Бенцти сүзүп, ал Ж. у. Э. башкаруусундагы Мицубиси Спэйс Стар үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Натыйжада Мерседес-Бенцтин А.А. аттуу айдоочусу ооруканага жеткирилген.
Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан