Бүгүн, 14-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы алдамчылыкка шектелип Ысык-Көл облусунун тургуну кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, өткөн жылдын сентябрь айында укук коргоо органдарына Көк-Жар конушунун тургуну кайрылган. Ал Нурбек аттуу чала таанышы анын ишенимине кирип, "электр жарыгы үчүн төлөп коём" деп 9500 сомду алган боюнча изин жашырып кеткенин айткан.
Алдамчылыкка шектелип Ысык-Көл облусунун 25 жаштагы тургуну Т.Нурбек кармалды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Аталган жарандан жабыркагандар укук коргоо органдарына (0312) 36-35-27 номери аркылуу билдире алышат.