Аламүдүн районунда бир нече кылмышка шектелген 2 жигит кармалды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 14-январда билдиришкендей, милицияга арыз менен Ленин айылынын 39 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 21-декабрь күнү саат 19:00 чамасында белгисиз жигиттер дүкөнгө кирип сатуучуну токмоктоп, акчасын алган соң изин жашырып кетишкенин айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ысык-Көлдүн 20 жаштагы А.Б. жана 21 жаштагы Б.Ж. аттуу тургундары кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аталган аймакта катталган башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталган.
Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы сүрөттөгү жигиттерден жабыркаган болсоңуздар, (0312) 36-35-27 номуруна билдирүүнү өтүнөт.