Мурдагы башкы прокурор, ЖКнын депутаты Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму 14-январда уланды. Бирок судьялардын бири ден соолугуна байланыштуу катышпаганы үчүн сот отуруму 26-январга жылдырылды.
Айта кетсек, Бакыт Абдыкапаров "алдоо жолу менен 50 миң доллар алган жана Бишкек шаардык жылуулук борборуна сапатсыз көмүр алып келген" деп айыпталууда. Мындан улам УКМКнын Тергөө башкармалыгы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.