Былтыр августта аялдар колониясынан качып, Ош шаарынан кармалган Ташполот кызы Назакат кайрадан абактан качууга аракет кылды. Укук коргоо тармагындагы жеке булактар SUPER.KG`ге билдиришкендей, аял абактын терезесинен чыгып, көп узабай кармалды. "Анын сыртка чыгышына бирөө жардам бериши мүмкүн" деген божомол айтылууда. Факт боюнча иш козголуп, тергөө жүрүүдө.
Маалыматты бүгүн, 14-январда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан да тастыкташты. "Бул аял кармалгандан бери "мен баары бир качам" деп айтып келет",- деп билдиришти мекемеден.