Борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан "таанышын отургуч менен сабап өлтүргөн" деген шек менен 27 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-январь күнү саат 19:00 чамасында милициянын нөөмөт кызматына билдирүү түшкөн. Анда белгисиз адамдар Абдумомунов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен үй ээсин катуу сабап кеткени айтылган. 54 жаштагы К. Юрийдин баш мээси чайкалып, башынан оор жаракат алып, бетинен да бир нече жаракат алгандыгы аныкталган. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган жабырлануучу өзүнө келбей 11-январь күнү каза болуп калган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары алгач К.Юрийдин батиринде жашаган В.Д. кармалган. Ал үйүнө Нургазы аттуу досу келгенин, өзү ошол күнү туугандарыныкына кеткенин айткан. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 27 жаштагы тургуну Нургазы кармалып, кылмышын мойнуна алган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.