Япониялык 74 жаштагы спортчу "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышууну көздөөдө

74 жаштагы япониялык спортчу Хироси Хокэцу ат спорту боюнча "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышууну көздөөдө. Ал тандоо туруна катышуу өтүнүчү менен уюштуруучуларга арыз берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, эгер ал Олимпиадага жолдомо алып калса, аталган мелдештин эң картаң катышуучусу катары тарыхта калмакчы. Азырынча Олимпиадага катышкан эң картаң спортчу катары швециялык спортчу Оскар Сван аталып келет (ок атуу).

Кошумчалай кетсек, Хокэцу буга чейин Олимпиада оюндарына 3 ирет катышып, байге алган эмес. Алгачкы жолу ал мелдешке 1964-жылы катышса, акыркы жолу "Лондон-2012" Олимпиадасында болгон. Лондонго барган кезде ал 71 жашта эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mars55
2016-01-15 10:20:28
Урматтуу супер инфо анан хокецу медал алганбы жеңишке жеткенби?
0
admin_portal
2016-01-15 10:33:43
Mars55, саламатсызбы!
Тактап, маалыматты толуктаганга аракет кылабыз.
0
Medina87
2016-01-15 10:47:47
Бору карыса да бир койлук алы бар дегендей азамат экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан