Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөн районуна караштуу Жыл-Алды айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен 2 кабаттуу, шифер жабылган 100 чарчы метр сарай, 400 түк чөп, 2 тонна жүгөрү бакалы, 2 тонна эндей чөп толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.