Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусундагы башкармалыгы менен биргеликте Төмөнкү Серафимовка карылар жана майыптар жатак-үйүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу 15-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын август-декабрь айларында мекеменин жооптуу кызматкерлери от казан куруу боюнча жасалма актыларды түзүп, аткаруучу компанияга мыйзамсыз 1 миллион 384 миң сом которуп беришкен. Факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук", "алдамчылык" беренелери менен кылмыш иши козголду.