"Реал" жана "Атлетико" футболдук клубдарына 1 жыл ичинде жаңы оюнчу сатып алууга тыюу салынды

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Испаниянын ири футболдук клубдары "Атлетико" менен "Реалга" жаңы оюнчуларды курамга кошууга тыюу салды. Аталган клубдар учурда трансфер кыла алышат, бирок жайында жана кийинки кышкы трансферде оюнчуларды курамдарына кошо алышпайт. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим дисциплинардык комитеттин иликтөө иштеринин жыйынтыгына карап чыгарылган. Иликтөө аталган командалардын 18 жашка чыга элек футболчуларды курамга кошуп алганынан улам башталган. ФИФАнын жобосу боюнча жашы жете элек футболчуларды сатып алууга чектөө коюлат.

Буга катар клубдарга ири көлөмдөгү айып пул салынды. "Атлетико" 1 миллион долларга жакын суммага, "Реал" 400 миң доллар суммага айыпка жыгылды.

Кошумчалай кетсек, буга чейин ФИФА каталондук "Барселонага" дал ушундай чектөө койгон. "Барса" 2016-жылы 1-январдан тарта жаңы оюнчуларды курамга кошууга укук алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bazarkyl
2016-01-15 11:50:45
Атлетикого жаман болуптур 1 миллион доллар...
0
FC.Ayashava
2016-01-15 12:22:08
Реал мн Атлетико кыйналатго эми
-1
uran98
2016-01-15 16:38:53
FC.Ayashava,
Realga oiunchu jetishtuu
+1
elmurat.kg
2016-01-15 22:59:14
Реал жаман адидан аштыда,ИСПАНИЯ КУБОГУнанда чыгарылганы жетиштуу элего.
0
elmurat.kg
2016-01-15 23:00:35
Атлетиконун бюджети 990 млн€ андан 989 млн€ калат экенда
0
murat_12
2016-01-16 03:35:39
биронун акчанын эсептешке устасынарго ишинер не биронун акчасы менен деген адамдын озу жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан