Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 15-январда коррупция боюнча айыпталып жатышкан экс-чиновник Данияр Нарымбаев жана Хажимурат Коркмазовдун экинчи инстанциядагы соттук отуруму өтүүдө.
2015-жылы 27-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Данияр Нарымбаев 3 жылга, мурунку депутат Хажимурат Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, соттолгондор күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөшүп, экөөнүн тең мүлктөрү конфискацияланат деген өкүм чыккан.
Нарымбаевдин жактоочулары сот чечимине макул эместигин жана кийинки инстанцияга арызданышарын билдиришкен болчу. Бүгүнкү соттук отурумдун жүрүшүндө Нарымбаев күнөөлүү эместигин айтты. Ал эми Коркмазов акча талап кылбаганын, жардам бербегенин жана бул окуяда ортомчу гана болгонун айтты. Мамлекеттик айыптоочу Нарымбаев күнөөсүн мойнуна албаганына байланыштуу Коркмазовду жана күбөлөрдү суракка алып, андан соң Нарымбаевди суракка алууну өтүндү. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды.
Эске салсак, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.