Японияда туристтер менен бара жаткан автобус оодарылып, 14 адам каза тапты

Японияда Нагано тоо-лыжа курортуна туристтер менен бара жаткан автобус оодарылып, 14 адам каза тапты. Мындан сырткары 27 адам жаракат алганын 15-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 41 жүргүнчүсү менен бара жаткан автобус каршы тилкеге чыгып, тосмону сүзгөн соң кулап кеткен. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү 20 жаш курагындагылар экени маалымдалды. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилди, алардын 19у оор абалда. Жол кырсыгынын себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан