Индонезиянын борборундагы жардыруулардан кийин өлкө аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Кечээ, 14-январда Индонезиянын борбору Жакарта шаарында бир катар күчтүү жардырууларды 14кө жакын "Ислам мамлекетинин" согушкерлери уюштурган. Анын үчөө жан кечти болгон. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жардыруулардын кесепетинен 7 адам каза тапты, анын ичинде 1 полиция кызматкери, 3 турист жана БУУнун 1 кызматкери бар экендиги айтылууда. Кеминде 19 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Жардыруу болгон жерде ок атышуу да болгон.

Өлкө аймагында коопсуздукту сактоо үчүн тиешелүү органдардын баары күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Жакартанын көчөлөрүнө аскер кызматкерлери жана бир катар согуштук техникалар чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat_12
2016-01-16 03:12:17
олдуго бур жолу мусулмандарды жамандап, эртен айтпаса эле боду бир мусулман чоон ***** койду чымындар бир канаты менен учуп айланип жатат устудо деш эле калды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан