Жалал-Абад облусунун калктуу конуштарынын биринде жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин алкагында гранатомёт жана 6 миңге жакын ок-дарылар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факт боюнча жакынкы убакыт аралыгында Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген киши кармалды. Иликтөө иштеринин алкагында анын 2015-жылдын июль айында жок кылынган казакстандык Т.Жумагулов жана Ж.Амиров башында турган террордук топко катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.