Спорт агенттигинин директору: "Өлкөнүн аймактарында адистештирилген спорт мектептерин ачууну пландап жатабыз"

14-январда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров олимпиадалык резервдин алдындагы "Эдельвейс" республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн адистештирилген мектебинин иши менен таанышты. Аталган мектеп гимнастика, волейбол жана баскетбол сыяктуу спорт түрлөрү боюнча иш алып барат.

Аталган агенттиктен кабарлашкандай, Ш.Бакиров анда ушул сыяктуу адистештирилген мектептерди өлкөнүн аймактарында ачуу пландалып жатканын айтты. "Волейбол жана баскетбол сыяктуу спорт түрлөрү менен машыгууга өлкөнүн башка аймактарында мындай шарт жок. Андыктан бул спорт түрлөрүнүн өнүгүүсүнө шарт түзүшүбүз керек",- деди Ш.Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан