2016-жылдын 13-январында саат 16:50 чамасында Кадамжай районундагы А.Масалиев айыл аймагындагы Исфайрам дарыясынан куткаруучулар ымыркай баланын жансыз денесин чыгарып беришкен. Азыркы тапта ошол наристени төрөгөн аялды издөө иштери жүрүүдө. Маалыматты 15-январда SUPER.KG порталына Кадамжай РИИБинен тастыкташты.
Иликтөө иштеринин алкагында Кадамжай районунун аймагындагы айыл аймактар, анын ичинде ымыркайдын денеси табылган Үч-Коргон айыл аймагындагы кош бойлуулук боюнча каттоого турган жана каттоого алынбаган аялдар текшерилип жатат.