Орусияда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен кыргыз жигит каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Оренбург-Самара унаа жолунун 156-чакырымында болгон. Анда катуу ылдамдыкта келаткан Приора үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, рулду башкара албай ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Оор жаракаттардан улам ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу 25 жаштагы кыргыз жараны окуя болгон жерден каза тапкан.
Иликтөө иштеринин алкагында биринчи унаанын айдоочусу мас абалда экендиги аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.