Токмок шаарында алдамчылык фактысына шектелип кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Ал 2015-жылдын сентябрь айында анын чала таанышы ишенимине кирүү менен Тойота үлгүсүндөгү 9 миң долларлык унаасын сатып берем деп айдап кетип дайынсыз болуп жатканын айткан. Бул факт боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин алкагында аталган унаа башка адамга сатылып кеткени жана кылмышка шектүү ал үчүн чоң суммадагы акчаны алганы аныкталган. Кылмышка шектелген 33 жаштагы Ж.О. Токмок шаарынын аймагынан кармалып, анын ИИМде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.