Бишкекте иштебеген туугандарынын атына айлык жаздырып жүргөн мектеп директорунун иши сотко өттү

Бишкекте иштебеген туугандарынын атына айлык жаздырып жүргөн мектеп директорунун иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 15-январда билдирди.

Маалыматка караганда, №46-мектептин директору Д.Н. орун басарлары С.Г. жана К.Ж. менен сүйлөшүп, "мектептин башталгыч класстарына сабак берет" деп өзүнүн туугандарын атына айлык акы жаздырып турган. Натыйжада 2014-2015-жылдар аралыгында мамлекетке 252 345 сом зыян келтирилген.
Факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aku
2016-01-15 21:32:18
Таппаганы жок го,блиииин.
0
Rifle_2
2016-01-16 17:24:45
Көр турмуштун айынан барган кадам болсо керек да. Эми ооруп калып, үй камагына чыга турган акчасы болду бекен ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан