2015-жылдын 12 ай аралыгында коррупциялык мүнөздөгү кызматтык жана башка 684 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Катталган 684 кылмыштын ичинен коррупция фактысы боюнча - 8, паракорчулук - 59, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу - 269, карамагындагы мүлктү ысырап кылуу же өзүнө ыйгарып алуу боюнча - 83, анын ичинен өзгөчө ири өлчөмдө - 7, кызматтык жасалмачылык боюнча - 28 жана башка ар кандай кылмыштардан 237 факт катталган.
Катталган кылмыш иштеринин ичинен сотко жиберилгендердин саны 319га жеткен. 123 кылмыш иши боюнча соттук чечимдер кабыл алынып, анын ичинен эркинен ажыратылгандар - 8 (3 жылдан 24 жылга чейин), шарттуу түрдө соттолгондор - 30, айып салуу түрүндө - 52, кылмыш иши боюнча 56 адам сот жообуна тартылган.