"Жер тилкеси боюнча жасалма актыларды түзүп ири суммага сатып, алдап кеткен" деген шек менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды

Чүй ОИИББинин 5-Башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип Бишкек шаарынын жашоочусу, 1957-жылы туулган Бурапия Байтемирова кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 15-январда билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү Аламүдүн районундагы жер тилкелери боюнча мамлекеттик актыларды жасап, аны эки адамга саткан. 2 280 000 сомго сатып изин жашыргандан кийин жердин документтери жасалмаланганы, ал жер тилкеси айыл чарба багытында экендиги белгилүү болгон.

Ага карата "алдамчылык", "документтерди жасалмалоо" беренелери менен кылмыш иши козголду. Кармалган аялдан 10дон ашуун адам жабыркашы мүмкүн экендиги болжолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aidai88
2016-01-15 17:46:11
Уул-кызы багып алардын торундо небере эркелетип отура турган сый жашта туруп алып кылган иши уят.
+4
Medina87
2016-01-15 18:28:06
Жашы улуу эле эже экен бейчеки иш иштегенине танмын. Эмне дейбиз мыйзам чечет.
+1
ediko85
2016-01-15 21:04:28
Жузун коруп эле ишенетурган адамга окшобойтко тиктегенин коруп коркосунго(((
+1
uluk92kg
2016-01-17 02:13:11
Кылган иши ката бирок мен танкалган жерим башка алдамчык мн шектелип кармалган адамдардын аты жонун жана жузун жашырып койчу еле емине учун бул айялды андай кылган емес мен ушул нерсеге кызыгып калдым ушул суромо жопту кайдан алсам болот
+1
leonar
2016-01-17 09:47:40
uluk92kg,ошо да, мен да тан калдым
0
admin_portal
2016-01-18 16:53:46
Akil8484, uluk92kg,
Саламатсыздарбы!
Бул кабар Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы берген маалыматы боюнча жазылган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан