Өзгөн шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жооптуу кызматкери пара талап кылуу кылмышына шектелүүдө. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, аталган кызматкер муниципалдык автоунаа токтотуучу жайга байланышкан ишти оң жагына чечип берүү үчүн жарандардын биринен 10 000 сом сураган.
Жарандын арызынын негизинде топтолгон материалдар прокуратурага жиберилип, кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында 15-январда Ош ОИИБинин жана Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө операциясы жүрүп, аталган органдын жетекчиси 3000 сом алып жаткан жеринен колго түшкөнү белгилүү болду.