Футбол боюнча жаштар курамасы "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине карата даярдыгын жыйынтыктады. Акыркы машыгууну футболчуларыбыз “Новогорск-Динамо” клубунун базасында өткөрүштү.
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, оюнчулар ылдамдыкка багытталган көнүгүүлөрдү, стандарттык абалдарда сокку узатуу көнүгүүлөрүн кайталашты.
Кошумчалай кетсек, эртең, 17-январда старт ала турган мелдешке 21 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамалар катышат. 8 команда катыша турган мелдеште кыргыз футболчулары "А" тайпасында Беларусь, Казакстан жана Молдова курамалары менен бир тайпада ойношот.