Бүгүн, 17-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футбол боюнча "Шериктештик Кубогу-2016" мелдеши старт алды. Мелдештин биринчи күнүндө 22 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн жаштар курамабыз Беларусь менен беттешти.
90 мүнөт бою кыргыз футболчулары активдүү ойноп, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Жеңиш алып келген голду Ахлетдин Исраилов 39-мүнөттө пенальтиден киргизди. Оюндун калган бөлүгүндө кыргыз футболчулары коргонууну гана мыктылап чектелбей, чабуулда да аракеттерди көрүштү.
Бул жеңиш менен жаштар курамабыз 3 упайга ээ болду. Тайпадагы кийинки оюндарды футболчуларыбыз Молдова жана Казакстан курамаларына каршы өткөрүшөт.
Оюндардын тизмеси төмөнкүчө:
1-тур. 17-январь, 2016-жыл.
Беларусь – Кыргыз Республикасы - 0:1
Казакстан - Молдова
2-тур. 19-январь, 2016-жыл.
Молдова - Кыргыз Республикасы
Казакстан - Беларусь
3-тур. 21-январь, 2016-жыл.
Беларусь - Молдова
Кыргыз Республикасы - Казакстан
"В": Орусия, Латвия, Тажикстан, Эстония
1-тур. 17-январь, 2016-жыл.
Латвия - Эстония
Орусия - Тажикстан
2-тур. 19-январь, 2016-жыл.
Тажикстан - Эстония
Орусия - Латвия
3-тур. 21-январь, 2016-жыл.
Латвия - Тажикстан
Эстония - Орусия