Бүгүн, 17-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футбол боюнча "Шериктештик Кубогу-2016" мелдеши башталды. Мелдештин 1-турунда жалпысынан 4 беттеш орун алды.
"А" тайпасындагы алгачкы беттеште 22 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн улуттук курамабыз Беларусту 1:0 эсебинде утуп алды. Бул тайпадагы кийинки беттеште казак футболчулары Молдова менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңилүүгө мажбур болушту (сүрөттө).
"В" тайпасында болсо Эстония жаштар курамасы Латвияны 2:1 эсебинде утту. Ушундай эле эсеп катыштыгы Орусия - Тажикстан беттешинде катталды (орусиялыктардын пайдасына).
"А" тайпасы
Беларусь – Кыргыз Республикасы - 0:1
Казакстан – Молдова - 0:1
"В" тайпасы
Латвия – Эстония - 1:2
Орусия – Тажикстан - 2:1