Машыктыруучу Мирлан Эшенов: "Шериктештик Кубогунда быйыл медаль тагынгыбыз келет"

17-январда футбол боюнча жаштар курамабыз (22 жашка курактагы футболчуларыбыз) "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешинин алкагында Беларусту 1:0 эсебинде утту. Оюн толук бойдон кыргыз футболчуларынын үстөмдүгү астында өттү.

Беттеш тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов төмөнкүлөргө токтолду: "Биз бул мелдешке мыкты даярдыкта келдик. Бишкекте жана Москвада 10 күндөн машыгуу сборун өткөрдүк. Мындай мелдеште алгачкы беттеш психологиялык жактан чоң мааниге ээ. Андыктан машыктыруучулар штабын балдар көрсөткөн жыйынтык толук канааттандырды. Оюндун жүрүшү жана жыйынтыгы кубандырды. Мелдеште алдынкы үчтүккө кирип, медаль тагынууга аракет кылабыз. Биз бул үчүн Беларусь сыяктуу татыктуу команданы утуп, алгачкы кадамды таштадык. Бул жеңиш футболчуларыбызга ишеним берет".

Шериктештик Кубогунда кыргыз футболчулары Беларустун дарбазасына киргизген гол
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
jugorsk
2016-01-18 00:38:29
Албетте тагынасынар
+1
paris
2016-01-18 00:41:11
Албетте уткула
+1
Oazis89
2016-01-18 01:48:43
Алга кыргыстан
+4
jaark.23
2016-01-18 02:03:31
Азаматсынар!!
Ийгилик Каалайбыз
+3
jaark.23
2016-01-18 02:03:57
кыйын машыктыруучу экен Мирлан
+2
jaark.23
2016-01-18 02:04:12
талкалагыла баарын
+3
realmadrid32
2016-01-18 03:18:40
Алгачак ак меенет мандай тер артынан медальдар...алга ийгилик
+2
Abdulla.
2016-01-18 04:37:30
Давай давай жигиттер, Молдованы утсанар калганы нечё...
+3
zarlyk2211
2016-01-18 05:40:30
Азаматтар ийгилик!!!
+2
kgalik
2016-01-18 11:09:10
Азаматтар ийгилик каалайбыз, кудай колдоп биринчи орунду алып келгилечи
0
kgalik
2016-01-18 11:16:54
Мирлан байкеге рахмат мекенчил жигиттигин корсотту, башталышы жакшы дагыда жениш кутобуз, жана колдоп турабуз, Бактыяр Дуйшобеков жана Темирлан Козубаев жана Фархат Мусабеков бул учоо улуттук курамадада жакшы оюн корсотот буйруса
+1
Chubak3922
2016-01-18 11:41:51
Ооо алга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан