Борбор калаадагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анын ичинен аялдын жана уулунун күйгөн денелери табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн, 18-январда билдиришкендей, жалпы аянты 80 чарчы метрди түзгөн жыгач устундуу, шифер жабылган турак үйдүн чатыры, 2 бөлмө үй мүлкү менен, 20 чарчы метр жыгач пол, 3 эшик, 6 терезе толугу менен күйүп кеткен. Өрт болгон жерден 83 жаштагы үй ээси Р.Бурлуцкая жана анын 55 жаштагы уулу Е.Бурлуцкийдин күйгөн абалдагы жансыз денелери табылган.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.