Акыркы суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталып, Лейлек районунда 3 сарай күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ысык-Көл облусунда 2, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Лейлек районуна караштуу Кара-Булак айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анда аянты 36 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган 3 сарай толугу менен, 2 куб жыгач, 250 килограмм көмүр, 300 килограмм тезек, 25 боо беде күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан