Бишкекте ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоого шектелип 2 өспүрүм кармалды

Бишкекте мыйзамсыз түрдө ок атуучу курал сактоого шектелип 2 жашы жете элек өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-январь күнү жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында мыйзамсыз түрдө ок атуучу курал сактоого шектелип жашы жете элек Т. кармалган. Анын документтерин текшерүү учурунда жанынан 2 огу бар травматикалык ок атуучу курал табылган. Ошол эле күнү Л.Толстой жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинен шек жараткан А. аттуу жашы жете элек өспүрүмдүн документтерин текшерүү учурунда жанынан травматикалык ок атуучу курал табылган.

Учурда бул эки факт боюнча иликтөө жүрүп, өспүрүмдөр травматикалык ок атуучу куралды кайдан жана кандай максат менен алгандыгы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан