Мушкер Дэвид Хэй профессионалдык рингге кайтып, атаандашын 1-раундда нокаутка учуратты

Британиялык мушкер Дэвид Хэй профессионалдык рингге кайтты. Ал 16-январда австралиялык Марк де Мори менен беттешип, атаандашын 1-раундда нокаутка учуратты.

Беттеште Хэй демилгени колго алып, атаандашын качырып иштеп баштады. 2012-жылдан бери рингге чыга элек британиялык мушкерди Марк де Мори оңой ойлодубу, көп учурда коргонууда туруп берип жатты. 1-раунд ортолоп калганда Хэй удаасы менен бир канча сокку узатып, атаандашын сулатты.

Бул жеңиш британиялык мушкердин карьерасындагы 27-жеңиши болуп калды (2 ирет жеңилген). Ал эми профессионалдык карьерасында 30 беттеш өткөргөн Марк де Мори 2-ирет жеңилип отурат.

Хэй буга чейин германиялык Мануэль Чарр жана Тайсон Фьюри сыяктуу мушкерлер менен беттеш тууралуу келишимге кол койгон. Бирок айрым себептерден улам ал беттештер болбой калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shake-shake13
2016-01-18 16:21:20
Эми кличкого тушуш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан