Бишкекте "соода күркөсүндө отурган өспүрүмдү коркутуп, тоноп кеткен" деп 3 адам кармалды

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "Т.Залкарбек аттуу жашы жете элек балага кол салган" деген шек менен кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу 18-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-январда саат 20:40 чамасында борбор калаадагы 4-кичи райондо жайгашкан соода күркөлөрүнүн биринде 16 жаштагы Т.Залкарбек атасынын ордунда соода кылып отурган. Анын жалгыз экенин көргөн 23-27 жаштардагы белгисиз адамдар жабырлануучуну бычак менен коркутуп, уюлдук телефонун жана 12 миң сом акчасын алып кетишкен.

Факт боюнча "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1994-жылы туулган Дастан Тажиев, 1995-жылы туулган Алмазбек уулу Марат жана 1993-жылы туулган Калыгул Медеркулов кармалышкан. Кылмышка шектүүлөрдөн жабыркагандар (0550) 70-12-09, (0554) 10-21-77 номурлары аркылуу билдиришсе болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aliya2015
2016-01-18 13:00:26
Уруулардын колун кесиш керек, кантип уялышпайт бирөөнүн ак эмгеги менен тапкан нерсесин уурдап, анын үстүнө өспүрүм баланы коркутуп(((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан