Тартип бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын коом менен иш алып баруусун чыңдоо максатында 2015-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрына чейин өлкө аймагында милициянын 57 участкалык пункту түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Эркин Баев билдирди.
“Ички иштер органдарынын түзүм бөлүмдөрү чыңдалууда, ички иштер органдарынын штаттык бирдиктерин ички бөлүштүрүүнүн негизинде аймактык милиция тескөөчүлөрүнө 122 бирдик, өспүрүмдөр менен иштөө боюнча тескөөчүлөргө 133 бирдик киргизилген. Республиканын аймагында 10 593 мүчөсүнөн турган 552 Коомдук алдын алуу борбору уюштурулуп иштеп жатат, анын ичинен 577син Аялдар кеңеши түзөт”,- деди Э.Баев.