Былтыр өспүрүмдөр арасында киши өлтүрүү боюнча 13 факт катталган. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Эркин Баев билдирди.
"Кабыл алынган жана көрүлгөн иш-чаралардын негизинде 2015-жылдын ичинде республиканын аймагында коомдук жайларда жасалган кылмыштар 5,2 пайызды түзгөн (3135тен 2971ге), көчөлөрдө жасалган кылмыштар 9,5 пайыз, бейбаштык 3,9 пайыз, денеге оор залал келтирүү 54,8 пайыз, зордуктоо 73,3 пайыз, тоноо 15,4 пайыз, каракчылык 39,4 пайыз, адам өлтүрүү 35,7 пайызга азайган", - деди Э.Баев.
Анын айтымында, мас абалында жасаган кылмыштар 2,3 пайызга жана мектеп окуучуларынын кылмыш жасоого катышы 6,6 пайызга төмөндөгөн.