Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол-кайгуул милициясынын кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе зордуктоо фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу 18-январда Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 102 аркылуу 17-январдан 18-январга караган түнү саат 03:30 чамасында бир аял телефон чалып, аны белгисиз эки бала Өзгөн шаарынан алып келип зордуктап жатканын билдирип, даректи айткан.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Тико унаасында отурган 1987-жылы туулган Өзгөн шаарынын тургуну А.К. жана 1992-жылы туулган Р.А. аттуу жаранды кармашкан. Алар менен бирге жабырлануучу, Өзгөн районунда 1995-жылы туулган кыз болгон.
Жабырлануучунун айтымында, ал Мырзаке айылына баруу үчүн такси катары Тико үлгүсүндөгү унааны тоскон. Айдоочу жана андагы жүргүнчү аны Мырзаке айылына эмес, Ош шаарына алып жөнөшкөн. Жолдо коркутуп, шаарга келгенде батирлердин биринде кызды экөөлөп зордукташкан. "Эгер бирөөгө айтсаң өлтүрүп, талаага таштап кетебиз" деп коркутушуп, дагы зордуктоого ниеттенип турушкан. Жабырлануучу унаадан чыгып, милицияга чалганга үлгүргөн, бирок балдар кайра эле аны машинага киргизип алышкан.
Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.