Футбол боюнча улуттук кураманын чабуулчусу Иван Филатов Омандын "Сохар" клубунун курамына кошулду. КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, келишимге 17-январда кол коюлду.
Келишим сезондун аягына чейин түзүлдү. Аталган клуб Омандын Жогорку Лигасында ойноп келет. "Сохар" быйыл 13 турдан кийин 3-орунду ээлеп турат.
Кошумчалай кетсек, И.Филатов акыркы сезонду "Алга" футболдук клубунун курамында өткөргөн. Бул клубдун курамында ал өлкө чемпиондугу - ТОП-Лигада 12 гол киргизген. Улуттук курамдын курамында ал Австралия менен конокто болгон оюнда гана майданга чыккан.