Чоң-Алай районунда мыйзамсыз аңчылык кылууга аракеттенген 4 адам кармалды

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда чек арачылар жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан чек ара аймагында мыйзамсыз аңчылыкка чыккан 4 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандардын мергенчилик кылууга уруксат кагазы болгон эмес. Алардын унаасынан ТОЗ-3212 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар табылган. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар Чоң-Алай районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mars55
2016-01-18 13:33:36
Канчалык деңгээлде жаза алат белгилүү,кийиктин жарым эти менен кутулуп кетсе керек .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан