Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо туруна даярдыгын улантууда. Даярдыктын алкагында клуб Тажикстандын вице-чемпиону "Худжанд" клубу менен жолдоштук беттеш өткөрмөкчү. Бул тууралуу аталган клубдун өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка ылайык, беттеш 21-январда Худжанд шаарында өтөт.
Буга катар клуб Бишкекке келип, бир катар клубдар менен беттеш өткөрүүнү пландап жатат.
Кошумчалай кетсек, "Алай" Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо турунда ливандык “Триполи” клубу менен беттешет. Беттеш 9-февралда Ливанда өтөт.