Борбор калаада тоноочулук фактысына шектелгендер кармалышты. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 18-январда билдиришкендей, милицияга арыз менен 23 жаштагы кыз кайрылган.
Анда ал белгисиз жарандар күч колдонуу менен анын инисинин уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Ч.Рустам аттуу жаран кармалган. Ошондой эле милицияга арыз менен 34 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жаран күч колдонуу менен 2 миң сом акчасын тартып алганын айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 27 жаштагы И.Кенжебек аттуу жигит кармалган. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.