Кыргыз-казак чек арасынан 350 литр күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет жасаган жаран кармалды

Кыргыз-казак чек арасынан 350 литр өлчөмүндөгү күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз түрдө өткөрүүгө аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, “Ак-Тилек унаа жолу” көзөмөл-өткөрүүчү жайынан кыргыз жаранынын унаасынан эч кандай тиешелүү уруксат кагаздары жок орнотулган кошумча бактан 350 литр күйүүчү-майлоочу каражат бар экени аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, айдоочу жана анын унаасы тиешелүү мекемеге өткөрүлүп берилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
alas
2016-01-18 14:30:15
Тиричилик кылым деп байкуш ,эмнеге бизде коптогон миллиондорду жегендерди жазбайсынар
+3
Rifle_2
2016-01-18 20:21:53
alas,Кыргызстанга кирип жаткан болсо , тим эле койсо болмок. Эл эптеп оокатын таап жеп жатканда.
0
Parish
2016-01-18 14:43:52
Кызык да 350 литр деген
эмне,тим эле 35 тонна кармагансып.Азыр кээ бир
узаак жолго чыккан машиналардын экиден багы бар.
ага да тыйуу салынабы?
+3
azamatzh
2016-01-18 15:13:13
350 литр?бул деген чон чон бензин ташыган машиналардын тубундо калган саркындысындай еле болсо керек.Дагы еле колго тушкон карапайым да.
+1
BekAmir
2016-01-18 15:25:10
Ушундан коро бизден Тажикистанга отуп жаткан куйуучу майларды токтотсо болмок. 350 литр алып откон бир байкушту кармабай.
+3
RaHat19
2016-01-18 15:32:13
кыргызда куйуучу майлоочу май кымбат да арзан болгондон кийин алып куюп алсын.Дагы коп алып кирсин кечке эле бабанов киргизе береби.
0
Mars55
2016-01-18 15:37:27
Байкуш 350литр мн а350тонна мн өткөн майлар көзгө көрүнбөйбү?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан