Ысык-Көлдө ӨКМнын кызматкери каржы-чарбалык ишмердүүлүктөгү 9,5 миллион сомдун кем чыкканын жашыруу үчүн пара берип жатканда кармалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Ысык-Көл облусунун өзгөчө кырдаалдарга аракеттенүү боюнча механизациялык базанын башчысы Т.Ж. пара берип жаткан учурда колго түшүрүлдү. Бул тууралуу 18-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Т.Ж. аттуу кызматкер каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында табылган товардык-материалдык баалуулуктардын 9 миллион 581 миң сом суммадагы кем чыгуусун жашырыш үчүн УКМКнын кызматкерине 40 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаган.

2016-жылдын 15-январында ал 35 миң сом өлчөмүндө параны берип жатканда кармалды. Факт боюнча “пара берүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан