Кытайдын Хоргос шаарында кыргыз жаранын барымтага алып, 20 миң доллар талап кылгандар 12-январда камакка алынышты. Белгилүү болгондой, казак автономдук аймагында 1985-жылы туулган А.А. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны барымтага алынган.
Маалыматты аталган жарандын туугандары Тышкы иштер министрлигинин Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнө кабарлашкан. Андан кийин Кытай Эл Республикасынын укук коргоо органдарынын тийиштүү аракеттери менен кыргыз жараны бошотулган. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.