Орусияда кыргыз жаранын мыкаачылык менен өлтүрүп, эки баласы уктап жаткан үйдү өрттөп кетишти

Иркутск шаарында кыргыз жаранын мыкаачылык менен өлтүрүп, анын сегиз айлык жана эки жарым жаштагы балдары уктап жаткан турак үйдү өрттөп кетишти. Азыркы тапта балдар ооруканада. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз жарандары билдиришти.

Маалыматка караганда, тийиштүү кызматтарга 16-январга караган түнү 2-Темир жолу көчөсүндө турак үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Полиция кызматкерлери өрт чыккан аймакты курчоого алуу үчүн бара жатышканда 3-Темир жолу көчөсүнөн алардын алдынан чыккан аял үйү өрттөнүп жатканын, ичинде кичинекей балдары бар экенин айткан. Полиция кызматкерлери уктап жаткан балдарды куткарып калышкан.

Ал эми 2-Темир жолу көчөсүндө өрттөнгөн турак үйдөн башына бычак сайылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын жансыз денеси жана бычактан жаракат алган жаран табылган. Жаракат алган жаран облустук ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки үй тең атайын өрттөлгөн.

Биринчи өрттөнгөн турак үйдөн куткарылган балдар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын балдары болгон. Өлтүрүлгөн кыргыз жараны Кадамжай районунун Жеңишбек аттуу тургуну экени айтылды. Кылмышка шектүү катары Кайрат Сулайманкулов кармалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
bosmos777
2016-01-18 17:14:48
Тообо!
0
Arslan12
2016-01-18 17:46:51
Кармалган адамды жакшылап текшериш керек, жанында жургондорду дагы булар бир эле кылмыш кылган жок. Жонокой адам мындай кылмышка бара албайт, оздорун черный атап алып коптогон кыргыз жарандарына зыян келтиришуудо. Кыргызстандан издоого алынгандардын кобу Россияда, только кыргыздарды тоношот,колдогондун ордуна башка улутка алы жетпейт айбандардын, омур бою эркинен ажыратыш керек сургундо
+5
Nazgul91
2016-01-18 17:58:36
Айланайын тобо чачымтик турду чет жерде жургон мен корко баштадым ,Анчалык эмне болду экен жада калса ошол кичинекей ымыркайларды аябаптыр.атасыны олтурушу олтуруптур балдарга кантип колу барды экен
+2
dajjal
2016-01-18 18:13:35
Allahim baaribizga iman bersin insandardin jinderdin jamandiginan ozu saktasin
0
kubat9284
2016-01-18 18:16:30
Башына бычак сайылып дейт го.Анчалыкка баргыдай эмне кылды экен.Ушу биз ото начар элбиз да бирибирибизди коро албаган
+6
tatynam_88
2016-01-18 21:19:43
kubat9284,туура айтасыз.коро албайбыз бироонун жакшылыгын,ийгилигин,байлыгын.кыргыз буттан тартат,озбек колдойт деген соз барго.
+2
baba.
2016-01-18 18:17:00
Бул да болсо короалбастык.Туп тамыры менен жок кылайын дегенго.Наристелерде не куноо.озунун да балдары болсо керек ошо кармалган кылмышкердин.Жазасын алсын бетбак.
+2
MuslimNur95
2016-01-18 18:24:56
Эмнеге мынча очошуптур, же иштетип акчасын бербеди бекен, Адам олтуруу эн бир чон куноо айрыкча мусулман мусулманды ,
+2
MuslimNur95
2016-01-18 18:27:42
Урматтуу кыргыз элим ботон жерде болсок да же озубуздун жерде болсокда бири бирибизди тушунушуп,жардамдашып, коро албастык кылбай сый-урмат менен журойлучу суранам.
+4
zhumagul89
2016-01-18 18:49:45
Кудай сактасын эмне болду экен анчалык.
0
jakikj
2016-01-18 20:02:48
Акыркы кездерде мыкаачылык кылгандар кобойду бул нерсеге ата эненин эже агайдын бир туугандардын берген тарбиясынын же козомрлунун начарлап кеткендиги ар кандай кинолорду эркин коро алуусу интернетти туура пайдаланууну билбегендиги себеп болууда деп ойлойм. Тообо деп жаканы карманасын балдарды багабыз элдердей жашайлы деп талаада журосун 15 жылдан сон биздин балдарга нысап берсин. Канча кыздар балдар уй булоосу жок ар кандай турмуш кечирип журушот ушунун акыры тубу эмне менен аяктаар экен тооба.
+1
Moskva.kg
2016-01-18 21:53:09
Кыргыздын душманы КЫРГЫЗ!!!
+5
saparali96
2016-01-18 23:57:36
Борудон коркпо балам,боруда балам дейт.адамдан этият бол адамды адам жейт деп бекеринен айтылбаса керек
+4
Chegevara
2016-01-19 00:15:23
Кыргызда намыс калбай калды тажик менен озбек бизден артык бизден бийик болуп калды туугандар ойлонгула Кыргызым ошолордон эмнебиз кем ичим ачышат арданам мындай болбош керек эле.
+3
admin_portal
2016-01-19 10:29:17
kykenbai - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
korul.alai001
2016-01-19 12:36:54
Эмнеге баарын эле кармалган баланы каргап шилеп жатасынар да,жабырлануучу тараптын куносун ойлоп да койбойсунар,
Балким ошого жеткиргендир тиги олгон адам да, ошентсе да жаш балдарды жон эле койбоптур,
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан