Орусияда дарыгерлер кесарево жолу менен төрөгөн айымдын ичине операция учурунда колдонуучу шейшепти тигип салып, ал бир айдан кийин алынды

Петербургда кесарево жолу менен төрөгөн айымдын ичине операция учурунда колдонуучу шейшепти тигип салып, аны бир айдан кийин башка оорукананын дарыгерлери алып чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда орусиялык массалык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, ноябрь айынын соңунда Павлов атындагы Петербург шаардык биринчи мамлекеттик медициналык университетинин акушердик жана гинекология клиникасына кош бойлуу айым келип түшкөн. Аны кабыл алган врач-гинеколог кош бойлуу айымга кесарево жолу менен төрөй тургандыгын айткан. Кош бойлуу айым дени сак уулдуу болуп, бирок өзүнүн абалы начарлап баштаган. Ал төрөгөнү менен, курсагы мурункудан да чоң болуп, маал-маалы менен ооруй баштаган. Абалынын начардыгына карабай ал 12 күндөн кийин үйүнө чыгарылган. Ультрадобуштук изилдөөдөн дарыгерлер эненин ичине суу толгонун айтып, дары-дармек жазып беришкен. 14-декабрь күнү аталган айым оор абалда Аскер-медициналык академиясына жеткирилип, анын ичинен операция учурунда колдонуучу канга чыланган шейшеп чыгарылган.

Учурда бул факт боюнча аймактык прокуратура кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүүдө. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары белгилегендей, мындай шалаакылыкка жол берген дарыгерлер гана эмес, айымды кабыл алган клиниканын жетекчиси да жоопко тартылмакчы.

Доктурлар төрөгөн айымдын ичине колдонуучу шейшепти тигип салышкан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
baba.
2016-01-18 18:21:18
Кайда калды Гиппократтын анты.........
+1
Rifle_2
2016-01-18 20:07:44
:) Гиппократтын анты деп мага кээ бирлери айтса күлүп коем.
+1
zhumagul89
2016-01-18 18:46:29
Ой кудаааай тообааа
0
Shat.88
2016-01-18 19:37:29
Шейшеп дегени туурабы мумкун перевязочный материал же бинт болуп журбосун себеби азыр шейшепти колдонуу деген жоюлуп калдыго тем более Россияда
0
Rifle_2
2016-01-18 20:07:02
Shat.88,салфетка, тампон десек туура болот.
Шейшеп - постельное белье болуп которулабы ?
+1
Arslan12
2016-01-18 19:41:17
Мас окшойт да врачтар, эмесе ошончо чон шейшепти унутуп калышса, операцияны бир адам кылбайт го деги
0
Rifle_2
2016-01-18 20:06:07
Төшөккө салган шейшеп эмес, операцияда марлини кичине кичине кылып бүктөп колдонобуз.
Операциянын алдынан бир саналат, аягында бир саналат. Аны хирург, опер.сестра, санитарка санайт. Менимче адашып калган болсо керек.
0
aidai88
2016-01-18 19:42:47
Операция убагында кандай шейшеп колдонулат? Мен билгенден операционный материал болуп оруулунун устуно жабылган чоон шейшеп,аны тигип салбастыр ал жок дегенде 1 м.чыгат.Супер инфо "шейшеп"-деп адамдын эсин оодарбай,марли десениздер.
-2
Rifle_2
2016-01-18 20:04:18
aidai88,марлини кичине кичине кылып бүктөп , кандай арчыганга ылайыктап жасалат. Аны кыргызчага ошондой которуп коюптур, бирок билбейм туура которулганбы жокбу.
-1
aidai88
2016-01-18 20:26:39
Rifle_2,ооой билем ал марли экенин,озум даярдап жургом кезинде,ошону туура которсо жакшы болмок.
-3
Rifle_2
2016-01-18 20:03:06
Операция учурунда колдонулуп жатып, канга аралашып калып кеткен. Бирок операция башталган колдонулуучу шейшепче десек туура болот, биринчи саналат. Анан операция бүткөндө саналат. Экөө дал келип, так чыгышы керек. Анан операция акырына чыгат. Мындай нерсе ар кимибизде болушу мүмкүн , эч ким коопсуздандырылган эмес. Кудайым өзү сактасын.
0
shiko
2016-01-18 20:55:33
Чоон кадимкидей эле шейпингом чыккан.кайсы бир соц.тармактарда фото видео бар операция учурундагы.жайып короткон шейшепти
+1
ayzyrek89
2016-01-18 21:19:32
Петербургда мен да ноябрь айында больницага тушуп калдым. ( Гинекология)Чынын айтсам врачтары врач эмес эле уборщицадай тообо тообо. Выкидишь болуп зорго озумо келип калсам. Врач менин озумон сурайт точно беременный белен деп:(
+2
ayzyrek89
2016-01-18 21:20:13
Ужас больницага ткшкудой кылбасын кудайым.
+2
Moskva.kg
2016-01-18 21:49:38
Азыркы врачтар адамдын омуруно кайдыгер карабай калышкан
+1
Rifle_2
2016-01-19 10:04:11
Moskva.kg,Союз учурундагы врачтар жок, ошол учурдагы адамдар да жок. Азыр врач менен оруунун ортосундагы мамиле аябай напряженный болуп калган. Пациенттер да нервный болуп кайрылат, талаптары менен, врачтар да ошондой мамиле кылышат. Негизи эле баарыбыздын пейилдерибиз бузулду.
0
Moskva.kg
2016-01-19 11:58:47
Rifle_2,Туура
0
Rifle_2
2016-01-19 10:02:25
Видеосун көрдүм, кадимки эле шейшеп экен. Бирок акылым жетбей койду, чоң чоң операцияларга андай шейшеп колдонулбайт. Кантип , кайсы жагдайда колдонду экен деп. Кессареводо да колдонулбайт. Операция жасагандардын жаман ою жок болду бекен ? Мүмкүн комментарий берип, жообун айтып калаар.
+1
aiposha
2016-01-19 10:25:43
ой тобоо эми торогондон коркуп калабызгооо
0
Moskva.kg
2016-01-19 11:56:48
aiposha,Торой бергиле Кыргызстанга барып алып анан,болбосо ушундай нерселерге дуушар болуп калышынар мумкун
0
Amankg
2016-01-19 13:28:55
Rifle_2 Сиз медик окшойсуз?. Шейшеп дегени туура. Анткени чындыгында шйешептен (простынь) жасалган кичинереек материалдарды колдонот размерлери примерно 40х40см болгон. Марли деген такыр башка. Ал эми унутуп калгандары жаман болуптур, кудай сактасын андай нерседен. Атайын кылбайт да андай нерсени. Обычно: Усталость врача, операция ночное время, загруженность врача, шашып жасаган операция дегендей причиналар болот. Врачтын чарчаганы менен кимдин иши бар. Сплошные обьязанности.
0
Amankg
2016-01-19 13:35:27
Rifle_2. Мен сага толугу менен кошулам. Азыр бут адамдардын ан сезими озгорулгон, баары тен эле нервный, напряженнный болуп калышкан, баары тен акча деп калышкан. Байкасанар акчасы барлардын созу соз, любой проблеманы чечип деле коюшат акча менен.
0
Rahim76
2016-01-19 17:32:23
Унутпай эле атайын кылган кээ бир врачтар чурка деп оло жаман корот бизди.Атайын салган эч жакка арыздана албайт деп.Ушулар азайсын деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан