Бишкек - Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 4 киши жаракат алды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 18-январда билдиришкендей, жол кырсыгы Бишкек - Торугарт унаа жолунун 14-чакырымында саат 19:00 чамасында болгон.
Анда Опель Кадет үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеде келаткан Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Натыйжада Фольксваген Пассат унаасынын 4 жүргүнчүсү, алардын арасында 1 жаштагы бала ар түрдүү жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген.
Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулду.