Ошто ири өлчөмдөгү маңзат сактоого шектелип издөөгө алынган жаран кармалды. Бул тууралуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын январь айында Кара-Суу районунда жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин алкагында 1973-жылы туулган М.М. аттуу жарандын үйүнөн 1 килограмм 943 грамм гашиш табылган.
Кечээ, 17-январда Ош шаарында Кара-Суу районунун тургуну М.М. колго түшүрүлүп, кылмыш иши козголду. Ал тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.